07:45, 16 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын капитаны Эрназар Акматалиев АКШдагы Real American Freestyle лигасы менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылды.
Анын алкагында, кыргыз балбаны алгачкы беттешин RAF 09 турниринде өткөрөт. Мелдеш 30-майда АКШнын Даллас шаарында уюштурулат.
Акматалиевдин атаандашы 2023-жылдагы дүйнө чемпиону болгон, америкалык балбан Зейн Ризерфорд.
Эске салсак, RAF — эркин күрөш боюнча жаңы америкалык профессионалдык лига болуп саналат. Ал элиталык спортчулар үчүн шоу катары беттеш уюштуруп, UFC жана күрөш жылдыздарын өзүнө тартууда.