15:25, 15 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
22-30-апрель күндөрү Кытайдын Санья шаарында өтүүчү VI Азия пляждык оюндарына катышуучу спортсмендерди узатуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдешке 45 өлкөнүн спортчулары катышат. Программага 14 спорт түрү кирет. Оюндарда Кыргызстандык кырк спортчу күч сынашат.
Белгилей кетсек, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортсмендери катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өтөт. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен катышат.