Шашылыш билдирүү: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

13:47, 15 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу 15-апрелде Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.