Көл үстүндө Ак боз үй: Жети-Өгүз районунда «Өрүк гүлү» фестивалы өтүүдө

13:12, 15 апреля 2026, Бишкек - 24.kg , Мезгил ИСАТОВ

Бүгүн, 15-апрелде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районун Кичи-Жаргылчак айылында «Өрүк фест» фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулар 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

Бул «Өрүк фест» фестивалынын максаты: Райондун айылдарынын күч-аракеттерин бириктирүү, мөмө-жемиш өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү, аймактын айыл чарба продукцияларын дүйнө элине таанытуу, экологиялык-туризм тармагын өнүктүрүү болуп саналат.

Бүгүнкү Өрүк гүлү майрамынын өзгөчүлүгү Көл үстүнөн сүзүп келаткан керемет ак Боз үй болуп калды. Аны айылдын белгилүү жагыч устасы Марат Орозалиев жасап, көл үстүнөн Ак куудай сүздүрүп келген.

Бул идеанын автору Марат Орозалиевдин айтымында, Боз үйдү көл үстүндө тегеретип келүү үчүн Бишкектен атайын элүүдөй камера алып келинген. Анын баарын үйлөтүп, тактайдын алдына жайгашкан. Тактайыдын үстүндөгү ак Боз үй 3-4 чакырымдан сүзүп келген.

Учурда Өрүк гүлү майрамы уланып жатат.