Вашингтондо кыргыз-америкалык саясий консультациялар өттү

11:53, 15 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Вашингтон шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капурдун тең төрагалыгы алдында саясий консультациялар өткөрүлдү.

ТИМден билдиришкендей, консультациялардын алкагында тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири маселелерин, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүүнү талкуулашты.

Фото Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Ошондой эле эки тараптуу максаттарга жетүү үчүн келечектүү багыттар аныкталды.

Тараптар аймактык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Вашингтондогу C5+1 саммитинин, ошондой эле Бишкектеги B5+1 бизнес форумунун жыйынтыктарын жогору баалашты. Форум ишкер байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзүп, Кыргызстанга көптөгөн америкалык компанияларды тарткан.

Мындан сырткары тараптар көп тараптуу кызматташуу маселелерине, айрыкча C5+1 форматынын, БУУ жана ЕККУнун алкагында токтолушту.

Консультациялардын жыйынтыгында тараптар өз ара урматтоо, ишеним жана өз ара пайдалуу шарттарга негизделген эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоого берилгендигин ырасташып, жыл сайын өткөрүлүүчү консультациялардын кийинки раундун Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашты.