Токтогул районунда калыбына келтирилген"Бөкөнбай" каналы ишке берилди

11:29, 15 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Токтогул районунда 13 чакырым узундуктагы, калыбына келтирилген «Бөкөнбай» каналы ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, «Баймурас» айыл чарба кооперативи тарабынан бир жылдын ичинде 13 чакырым канал реабилитацияланып, учурда жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат.

Фото
Белгиленгендей, жалпысынан 400 гектарга жакын айдоо жерине эгин эгилүүдө.

Министрликтин Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан кооператив түзүүгө документ иштерине жардам берилди.