10:30, 15 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңеште жаңы депутат Улан Сариев ант берди.
Ал № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталган. Улан Сариевге белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилген.
Эске сала кетсек, Абдылдабек Эгембердиевдин мандатынан баш тартуу жөнүндө жарыясынан кийин шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Рамис Жунусалиев Жогорку Кеңештеги ордун ээлейт деп күтүлгөн. Бирок, ал учурда алдамчылык боюнча айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында калууда. Жунусалиев өз ыктыяры менен мандатынан баш тарткан, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы аны № 19 шайлоо округунан каттоодон чыгарган.
Тизмедеги кийинки талапкер — Улан Сариев.
Улан Сариев 4746 добуш (11,23 пайыз) алып, шайлоонун жыйынтыгы боюнча кезектеги талапкер болуп саналат. Ал Бишкек шаардык кеңешинин «Ынтымак» фракциясынан мурдагы мүчөсү жана «Кереге-Таш Трэвел» туристтик компаниясынын жетекчиси.
Ал мурда парламенттик шайлоолорго катышкан. 2023-жылы Ленин шайлоо округунда 29 талапкердин ичинен экинчи орунду ээлеген.