Салттуу музыка жумалыгы өтөт

08:30, 15 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

20—25-апрель Кыргызстанда «Салттуу музыка жумалыгы» аттуу маданий иш-чара уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жума улуттук маданиятты даңазалоого, кыргыз элинин бай музыкалык мурасын кеңири жайылтууга багытталган.

Фото
Иш-чаранын алкагында конокторго кыргыз элинин салттуу күүлөрү, обондору, ошондой эле элдик чыгармалары тартууланат. Белгилүү өнөрпоздордун аткаруусунда жандуу музыка жаңырып, көрүүчүлөр улуттук искусствонун терең дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Салттуу музыка жумалыгы — бул муундан-муунга өтүп келген баалуулуктарды сактоо, улуттук өзгөчөлүктү даңазалоо жана жаштарга маданий мурасты таанытуу максатын көздөйт.