Акбалык Жумалиева БШК төрагасынын орун басары болуп дайындалды

17:11, 14 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Бахадыр Коңуров кызматтан кетти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Башка кызматка которулгандыгына байланыштуу бүгүн,14-апрелде Бахадыр Коңуров төраганын орун басары кызматынан кеткени кабарланды.

Фото БШКнын басма сөз кызматы. Төраганын жаңы орун басары Акбалык Жумалиева

Комиссиянын мүчөсү Акбалык Жумалиева төрайымдын жаңы орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү бир добуштан колдошту.