Баткенде эл аралык «Айгүл гүлү» фестивалы өтөт

15:19, 14 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Баткенде сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан Айгүл гүлүнө арналган «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы 20-21-апрелде өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалдын негизги максаты — Айгүл гүлүн эл аралык деңгээлде таанытуу, коңшу мамлекеттер менен маданий байланышты чыңдоо жана элдер ортосундагы достук менен ынтымакты бекемдөө болуп саналат.

Фото
Иш-чарага Баткен районунун айыл аймактарынан келген катышуучулар менен катар коңшу Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да катышат. Өнөрпоздордун чеберчилигин эл аралык деңгээлдеги калыстар тобу баалайт.

Фестивалдын алкагында төмөнкү номинациялар боюнча сынактар уюштурулат:

  • -Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү
  • -Улуттук тамак-аштардын жарманкеси
  • -Элдик ырлар жана аспаптык музыканы жандуу аткаруу сынагы

Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралган:

  • 1-орун — 30 000 сом
  • 2-орун — 20 000 сом
  • 3-орун — 10 000 сом

Мындан тышкары, катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылат.

Фестивалдын программасы эки күнгө пландалган:

Биринчи күндө — расмий ачылыш аземи, ыр-күү сынактары жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт.

Экинчи күндө — кол өнөрчүлүк, гүлдөр жана улуттук тамак-аш көргөзмөлөрү уюштурулуп, катышуучулар үчүн Муз-Булак коругу аймагына таанып-билүү саякаты өткөрүлөт.