13:39, 14 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Нарында «Якын-Инкар» (Кыргызстанда тыюу салынган) диний-экстремисттик уюмунун жактоочулары алдын алуу боюнча сүйлөшүүдөн кийин ага катышуудан баш тартышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө расмий мусулман дин кызматкерлери тарабынан диний бөлүнүүгө жол берилбестиги, коомдук ынтымактын маанилүүлүгү жана ханафи масхабына негизделген салттуу исламды кармануу жөнүндө маалымат берилди.