ӨКМ: Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

13:26, 14 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Айдоочулар төмөнкү тилкелерде сак болуусу зарыл:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),

Бишкек-Ош унаа жолунун 198-250-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),

Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу),

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.