12:30, 14 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Суу үнөмдөөчү технологияларды, анын ичинде заманбап сугат системаларын киргизүүгө багытталган жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул программа суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында ишке ашырылууда.
Программанын жалпы каржылоо көлөмү 500 млн сомду түзөт.
Программанын шарттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
максаты — сугат системаларын (анын ичинде жамгырлатма) сатып алуу жана орнотуу
Арыз берүүчүлөрдү тандоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлөт. Насыяларды берүү «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААК аркылуу ишке ашырылат.