10:30, 14 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги «Жаштык Арена» спорт комплексинде алыш белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеште жалпы 15 өлкөдөн келген спортчулар күч сынашат.
Беттештер классикалык жана эркин стилдер боюнча өткөрүлөт.
Эркектер: 60кг, 70кг, 80кг, 90кг, 100кг чейинки жана 100 кг жогорку салмак категориясында мелдешет.
Кыз-келиндер: 55кг, 60кг, 65кг, 70кг, 75кг чейинки жана 75кг жогорку салмак категориясында күч сынашат.