08:30, 14 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 14-апрелде Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.
Өчүрүү аймагы:
Л. Толстой көчөсү — Бакаев көчөсү — Алтымышев көчөсү — Жунусалиев көчөсү — Гагарин көчөсү — С. Боронбай көчөсү — Жазыйра көчөсү — Муромск көчөсү — Өмүр көчөсү — Алыкулов көчөсү — Ахунбаев көчөсү — Кырккыз көчөсү — Көк-Жайык көчөсү — Гагарин көчөсү — Торугарт көчөсү;
Жумушчулар шаарчасы;
Дыйканчылык институту;
«Ак-Өргө» конушу;
«Ак-Ордо» конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы);
«Теңир-Тоо» конушу (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн).
Суу «Гагарин» жана «Түштүк-Батыш» суу топтомолорунда, ошондой эле шаардык суу түтүк тармактарында пландык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.