15:27, 13 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын биринчи космонавты, Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шарипов түштүк борборго жумушчу сапар менен келип, шаардагы космонавттардын ысымын алып жүргөн Ю. Гагарин жана В. Терешкова атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Ардактуу мейманды, дүйнөнүн 372-чи, Россиянын 88-чи, Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шариповду мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана окуучулар тосуп алышты.
12-апрель — Эл аралык авиация жана космонавтика күнүнө карата өткөрүлүп жаткан иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларынын космос мейкиндигин чагылдырган макеттери жана өз колдору менен тарткан сүрөттөрү көрсөтүлүп, чакан концерттик программа тартууланды.