Чек ара бекетинде өзүн атып алган жоокер каза болду

14:05, 13 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Мурда чек ара бекетинде октон оор жаракат алган келишимдик аскер кызматкери И. уулу А. ооруканада каза болду. Мамлекеттик чек ара кызматы бул кабарды тастыктады.

Маалыматка ылайык, ал кырсык катталары менен Алай районунун Гүлчө шаарындагы ооруканага жеткирилген. Бирок ага көрсөтүлгөн ыкчам медициналык жардам жана куткаруу аракеттерине карабастан, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок. Бул факты боюнча чек ара кызматы кызматтык иликтөө иштерин улантууда.

Эске салсак, 2004-жылы туулган И. уулу А. 8-апрелде АК-74 автоматынан ок чыгарып, өмүрүнө кол салууга аракет кылганы маалымдалган.