Сокулуктагы алдамчылык: Фермер дээрлик 4 миллион сомдук малын жоготту

13:10, 13 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Сокулук районунун милициясы 3 миллион 853 сомдук алдамчылыкка шектүүнү кармады. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде Сокулук райондук милициясына Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы андан жалпы баасы 3 миллион 853 миң сомду түзгөн мал жандыктарын карызга алып кеткенин билдирген.

Анын ичинде:

  • 39 баш кой;
  • «Арашан» тукумундагы 1 баш кой жана эгиз козусу;
  • 5 жаштагы 1 карагер айгыр болгон.

Бирок шектүү убада кылган акчасын төлөбөй, байланыштан чыгып, изин жашырып жүргөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.

Фото
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 1984-жылы туулган Ж.Н. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын Чүй облусунун аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө. Тергөө амалдары уланууда.

Милиция бул жарандан жабыркагандар болсо, 0313 45 33 80 номери аркылуу же Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылууну суранат.