Баатыр энелерди колдоо: ЖК комитети жөлөкпулдар боюнча мыйзам долбоорун жактырды

12:36, 13 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, жактырылды.

Парламенттен билдиришкендей, долбоорду депутаттар Медер Чотонов, Исманали Жороев, Бахридин Шабазов, Нуржамал Торобекова, Жылдыз Эгенбердиева, Гүлнара Баатырова, Эдита Тайгараева, Болот Сагынаев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Бактыяр Калпаев демилгелеген.

Демилгечилердин бири, депутат Медер Чотоновдун айтымында, токтом долбоорунун максаты «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктүн конституциялык принциптерин ишке ашыруу жана билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле үй-бүлөнү, энени жана баланы колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында үй-бүлө институтун чыңдоо жана Кыргызстандын демографиялык н өбөлгөлөө үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Ал учурда Кыргызстанда баатыр энелердин балдары болгон 569 студент бар экенин баса белгиледи.

«Ушунча сандагы студенттерге жөлөкпул берүү мамлекеттик бюджетке олуттуу жүк болбойт деп эсептейбиз. Мамлекет баатыр энелердин балдарына жогорку билим алууга колдоо көрсөтүшү керек», — деп кошумчалады ал.

Демилгечинин айтымында, жөлөкпул бир жолу берилет жана окуучулар 23 жашка чыкканга чейин жарактуу болот. Ошондой эле, абитуриенттер Жалпы республикалык тесттен өтүү баллын алышы керек.

Жыйындын жыйынтыгында комитет долбоорду жактырып, андан ары талкуулоо үчүн Жогорку Кеңешке жөнөттү.