Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган эл аралык театр фестивалы өтөт

10:20, 13 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

14—15-апрелде Бишкек шаарында СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган «Жаңы ысымдар» аталышындагы XI эл аралык студенттик театралдык фестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестиваль жаш таланттарды колдоо, чыгармачылык тажрыйба алмашуу жана эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо максатын көздөйт.

Бул жылы иш-чарага Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандан келген студенттик театр жамааттары катышып, өздөрүнүн мыкты спектаклдерин көрүүчүлөргө сунушташат. Катышуучулар үчүн сахналык искусствонун ар түрдүү багыттарын камтыган чыгармачылык аянтча түзүлөт.

Фото

Белгилей кетсек, «Жаңы ысымдар» фестивалы жаш актёрлордун жана режиссёрлордун чыгармачылык өсүүсүнө өбөлгө түзүп, жаңы таланттарды ачууга багытталган маанилүү маданий долбоор болуп эсептелет. Фестиваль буга чейин да бир катар ийгиликтүү чыгармачыл инсандардын өнүгүүсүнө жол ачкан.