10:03, 13 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын сууларына бир миллион 800 миң ак балыктын чабактары коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чабактарды кое берүү мамлекеттик «Соң-Көл балык чарбасы» тарабынан быйылкы балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү планына ылайык жүргүзүлдү.
Иш-чара көлдөрдөгү балык запастарын көбөйтүүгө, биологиялык тең салмактуулукту сактоого жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.