Жети-Өгүз районунда «Өрүк фест» фестивалы өтөт

08:45, 13 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

15-апрелде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районун Кичи-Жаргылчак айылында «Өрүк фест» фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулар 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

Бул «Өрүк фест» фестивалынын максаты: Районубуздун айылдарынын күч-аракеттерин бириктирүү, мөмө-жемиш өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү, аймагыбыздын айыл чарба продукцияларын дүйнө элине таанытуу, экологиялык-туризм тармагын өнүктүрүү болуп саналат.

Жаздын келиши менен биринчиден болуп өрүктүн гүлдөшү жергебизде жаңыланууну, жазгы биринчи жакшы сезимдерди алып келет. Айыл аймагында абрикос өстүрүү, мөмө-жемиш менен багбанчылык кылуу жакшы жолго алынып, жалпысынан 450га өрүк бак аянттары өстүрүлүп, бир жылдык түшүмүнөн 6,5-7000 тоннанын тегерегинде абрикос продуктыларын мамлекетибизден сырткары жактарга экспорттолот.

Аймагыбыздын тургундарынын негизги кирешелүү тармагы болуп багбанчылык, мөмө-жемиш продукцияларын өндүрүү үй-бүлөлүк экономикалык абалын өстүрүү максатында пайдаланат.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай ири иш-чаранын өткөрүлүшү жергебиздин мөмө-жемиш азыктарын жайылтууга жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Аймакта ишкерлерди колдоо, жакырчылык менен күрөшүүнүн жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн эффективдүү жолу болуп саналат.