UWW рейтинги: Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев алдыңкы бештикке кирди

08:00, 13 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Азия күрөш чемпионатынан кийин UWW дүйнөлүк рейтингинин алдыңкы бештигине кирди. Ал азыр алдыңкы бештиктин төртүнчү сабында турат.

Жаңыртылган рейтингдер Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыктарынын негизинде түзүлдү.

Кыргызстандык балбан 67 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, алтын медалды жеңип алган.