Азия чемпионаты. Эрназар Акматалиев жарым финалда утулуп калды

18:40, 10 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Бишкекте өтүп жаткан Азия эркин күрөш чемпионатынын жарым финалында утулуп калды. Бул тууралуу UWW сайтында кабарланды.

70 килограмм салмактагылар арасында ал индиялык балбан Абхиманга утулуп калды. Эртең Эрнезер Акматалиев коло медаль үчүн күрөшөт.

Акматалиевбуга чейин япониялык Таичи Нарукунини 12:9 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.