16:38, 10 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
13-апрелден 17-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул убакта жол жарым-жартылай жабылат.
Иштер саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаа кыймылы бир тилкеге багытталат.
Жолду тазалоо учурунда жол кыймылы бир тилкеге багытталат. Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, таштарды алып салуу токтотулуп, унаалардын өтүшүнө уруксат берилет. Маршрутуңузду алдын ала пландаштыруу зарыл.
Бул иш Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол жана темир жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.