15:59, 10 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча мелдешке чыккан кыргыз спортчуларынан Эрназар Акматалиев жана Абдымалик Карачов жарым финалга жолдомо алышты. Бул тууралуу Бул тууралуу UWW сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, 70 салмактагы Эрназар Акматалиев алгачкы беттеште япон балбаны Таичи Нарукин менен беттешип, 12:9 эсебинде жеңишке ээ болду. Ал эми жарым финалда Индиянын өкүлү Абхиманью менен килемге чыгат.
57 килограмм салмактагы Абдымалик Карачов чейрек финалда тажикстандык балбан Айаал Белолюбскийди 8:4 эсебинде жеңип, жарым финалда Монголиянын өкүлү Мунх Эрдене Батхуяг менен күч сынашат.
Жарым финалдык беттештер бүгүн, 10-апрелде кечинде башталат.