15:49, 10 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарында 4-апрелден бери изделип жаткан Санжар Нурлановдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Н.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2009-жылы туулган Н. С. аттуу уулун издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган.
Жарандын арызы боюнча өспүрүм 4-апрель күнү болжол менен саат 18:30да Бишкек шаарынын Шабдан баатыр көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып, белгисиз тарапка кеткен.
Аталган факт боюнча дароо ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Анын натыйжасында бүгүн жаш өспүрүмдүнсөөгү табылган. Маркумдун сөөгү каралып, алдын ала көзгө көрүнгөн дене жаракаттары аныкталган жок.
Аталган факты боюнча өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.