11:36, 10 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулаган 4 жашар кыз эсине келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда кыздын абалы туруктуу, дарылоо жана байкоо жүргүзүү адистердин көзөмөлүндө уланууда.
Эске салсак, 4-апрелде саат 17:10до Жал кичи районунда аял эки кызы менен 6-кабаттан кулаган. Алган жаракаттарынан улам 1999-жылы туулган келин окуя болгон жерде, бир кызы ооруканада каза тапкан. Ал эми 2022-жылы туулган экинчи кызы оор абалда Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Буга байланыштуу тергөө иштери башталып, кылмыш иши козголгон.
6-апрелде Ленин райондук сотунун чечими менен келиндин жолдошу 4-июнга чейин камакка алынган.