09:35, 10 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланып жатат. Бүгүн, 10-апрелде мелдештин бешинчи күнүндө килемге эркин күрөш боюнча балбандар 57, 65, 70, 79 жана 97 кг чейинки салмак категорияларында байге үчүн кү сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Кыргызстандын атынан төмөнкү спортсмендер катышат:
57 кг чейин — Абдымалик Карачов;
65 кг чейин — Рустамжан Кахаров;
70 кг чейин — Эрназар Акматалиев;
79 кг чейин — Жакшылык Байташов;
97 кг чейин — Каныбек Абдулхаиров.
Алдын ала беттештер саат 11:00дө башталат.