20:23, 09 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Спортчу Мээрим Жуманазарова Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын медаль жеңип алды. Бул тууралуу United World Wrestling (UWW) расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу финалда 68 килограмм салмак ченинде жапониялык атаандашы Мива Морикава менен күч сынашып, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Муну менен спортчу карьерасында экинчи жолу Азия чемпиону болду.
Мээрим Жуманазарова буга чейин 2021-жылы Азия биринчилигин багындырган. Ошондой эле ал Дүйнө кубогунун ээси жана Ислам тилектештиги оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү.
Учурда Бишкек шаарындагы «Бишкек Арена» спорттук комплексинде күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. 6-апрелден 12-апрелге чейин созула турган мелдешке 26 мамлекеттен 350дөй спортчу катышууда. Күрөшчүлөр жалпысынан 30 комплект медаль үчүн күч сынашууда.