19:04, 09 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын балбан кызы Нурзат Нуртаева Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалына чыга алган жок. Ал жарым финалда кытайлык спортчу Цзя Лунга 1:11 эсебинде жеңилип калды.
Балбан кыздар 72 килограмм салмак ченинде күч сынашты.
Кыргызстандык балбан мелдешти 1/4 финалдан баштап, анда түштүк кореялык балбанды 10:0 эсебинде жеңген эле. Эми Нурзат коло медаль үчүн Монголиянын өкүлү Одгерел Эрдене Очир менен күрөшөт.
Беттеш эртең, 10-апрелде өтөт.