18:33, 09 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Темирбек Эркинов Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган министрликтен 24.kg агенттигине тастыктады.
Маалыматка ылайык, кызматтан кетүү тууралуу бүгүн, 9-апрелде жарыяланды.
Темирбек Эркинов 2025-жылдын декабрь айынын аягында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалган. Ал саламаттыкты сактоо системасындагы санариптештирүүнү көзөмөлдөп келген.