Аламүдүн районунда кадрдык алмашуу: жаңы аким дайындалды

17:57, 09 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Президенти Садыр Жапаров Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кадрдык өзгөрүүлөр жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тескеменин негизинде Урмат Айтиев мамлекеттик администрациянын башчысы жана райондун акими болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын дагы бир тескемеси менен Азамат Эргешов кызматынан бошотулду.

Фото Интернеттен алынды

Азамат Эргешов районду 2024-жылдан бери жетектеп келлди. Мурда президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүндө инспектор болуп иштеген.

Ал ошондой эле 1990-жылы туулган жана өлкөдөгү эң жаш акимдердин бири деп эсептелген.