Кыргызстанда 232 чарбага асыл тукум чарба макамы берилди

15:33, 09 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Мал чарбасынын сапатын жакшыртуу жана генетикалык ресурстарды сактоо максатында министрлик чарба субъектилерин жер-жерлерде мониторинг жүргүзгөн комиссия түздү.

Маалымытка ылайык, мал чарбачылыгынын сапатын жогорулатуу жана генетикалык ресурстарды сактоо максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия чарбалык субъектилерге жеринде мониторинг жүргүздү.

Жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — министр Э. Акунбеков тарабынан 232 чарбалык субъектке асыл тукум статус ыйгарылды.

Алардын ичинен:

  • ири мүйүздүү мал — 84;
  • жылкы — 40;
  • кой — 97;
  • эчки — 5;
  • тоок — 4;
  • аары — 4;
  • топоз — 3 субъект.

Бул чаралар малдын сапатын жана продуктивдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле мал чарбачылыгын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.