15:05, 09 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Президентинин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошентип, Акматов Эсептөө палатасынын жетекчиси болуп кайрадан шайланды.
Эскерте кетсек, жаңы кабыл алынган «Эсептөө палатасы жөнүндө» Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлорунун саны тогуздан үчкө чейин кыскарган.