Депутат Кыргызстанда климаттык фонд түзүүнү сунуштады

14:10, 09 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Кыргызстанда климаттык фонд түзүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу Гүлшаркан Култаева парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кесиптештери климаттык аракеттер жөнүндө мыйзам сунуштап жатышат.

«Климаттык кырдаалды жакшыртуу үчүн жакшы стандарттар сунушталууда; программалар иштелип чыгат жана каржылоо бөлүнөт. Бирок, каражаттарды топтоп, аларды натыйжалуу бөлүштүрө турган өзүнчө климаттык фонд түзүү жакшы болмок», — деди Гүлшаркан Култаева.

Мыйзам долбоорунун авторлору фондду түзүү маселесин эске алууга убада беришти.