Эдил Байсалов Минкаб төрагасынын орун басары кызматынан кетерин айтты

12:18, 09 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызматтан кетерин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өтүп жаткан «Салижан Жигитов жана адабият» симпозиумунда айтты.

Байсалов өлкө тарыхында эң көп жыл иштеген Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басар болгонун белгиледи.

"35 жылда 4,5 жыл вице-президент болуп иштеген жетекчи болбоптур. Мен да (ред.: кызматтан кетүүнү) сурандым. Түштөн кийин кызматтан кеткендигим боюнча жаңылык чыгат",- деди Байсалов.

Буга чейин социалдык тармактарда кыргыз тарап анын АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалышы үчүн Вашингтондон макулдук алган деген маалыматтар тараган. Бирок, маалымат жарыяланган учурда бул расмий тастыкталган эмес.