07:45, 09 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте сүрөтчү Жумабүбү Артыкбаеванын Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган «Түбөлүктүүлүк мурасы» аттуу көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көргөзмө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган жана анын философиялык дүйнөсү менен үндөш көркөм изденүүлөрдү сунуштайт.
Жумабүбү Артыкбаева өз чыгармаларында кыргыз элинин салттуу дүйнөтаанымын заманбап көркөм тил менен айкалыштырат. Сүрөтчүнүн бала чагындагы табият элестери, турмуштук көрүнүштөр жана улуттук каада-салттар анын чыгармачылыгынын негизги булагы болуп саналат. Ал чий, кийиз, жүн жана жип сыяктуу салттуу материалдарды колдонуу аркылуу терең мазмундуу образдарды жаратат.
Көргөзмөгө живопись, декоративдик-колдонмо искусство жана инсталляция жанрындагы жүзгө жакын чыгарма коюлат. Экспозицияда салттуу шырдак, ала кийиз жана чий иштеринин жаңыча чечмелениши живопистик полотнолор менен айкалышып, көрүүчүлөргө уникалдуу көркөм мейкиндик тартуулайт.
Автор өз эмгектеринде актуалдуу социалдык темаларды көтөрөт: аялдын тагдыры, балалыктын аярлыгы, муундардын байланышы, адамдын жаратылыш алдындагы жоопкерчилиги. Бул темалар анын көркөм тилинде терең эмоционалдык жана философиялык деңгээлде ачылат.