19:55, 08 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медалды жеңип алды. Бул тууралуу UWW сайтында кабарланды.
67 килограмм салмактагылар арасында күч сынашкан мекендешибиз алгач кореялык балбанды жеңип, жарым финалда ирандык балбанды эки мүнөткө жетпеген убакытта жеңип алды.
Финалда Раззак Бейшекеев жапон балбаны менен беттешип, жеңишке жетти.