Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын 2025-жылга карата отчетун угуп, эске алды

15:41, 08 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын 2025-жылга карата отчетун угуп, эске алды. Мындай чечим бүгүн, 8-апрелдеги парламенттин жалпы жыйында кабыл алынды.

Отчетту Башкы прокурор Максат Асаналиев сунуштады.

Депутаттар ишкерлердин укуктарын коргоо үчүн прокурордук көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылышты.

Жогорку Кеңеш. Башкы прокуратуранын 2025-жылга карата отчету
Атап айтканда, Гуля Кожокулова атайын комиссия түзүүнү талап кылды.

«Башкы прокурор жеке менчикти мыйзамсыз басып алуу боюнча 300дөн ашык арыз түшкөнүн белгиледи. Мен өзүм «Жалын» жана «Аврора Грин» лагерлериндеги басып алуулар боюнча айткам. Бул басып алуулар кылмыш иши козголбостон, тергөөчүлөрдүн буйругусуз жана соттун чечими жок эле болгон. Парламенттин токтомунда комиссия түзүү каралышы керек», — деп кошумчалады ал.

Депутаттар үй-бүлөлүк зомбулукка жана жашы жете электердин кылмыштуулугуна каршы күрөштү күчөтүүгө чакырышты.

Жыйынтыгында 2025-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын отчеттук маалыматы эске алынды.