15:10, 08 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
2026-жылдын алгачкы үч айында Транспорт департаменти айып пулдар жана төлөмдөр аркылуу бюджетке 69,3 миллион сом кошту. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, транспорттук көзөмөл пункттарында жана станциялык курулмаларда жүргүнчү жана жүк ташуучу жалпы 189 396 автоунаа текшерилген.
Анын ичинен салмак-габариттик ченемдерди сактабагандыгы үчүн 998 протокол түзүлүп, 17 млн 465 миң сом айып пул, ал эми эл аралык жүк ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн 143 протокол түзүлүп, 2 млн 860 миң сом айып пул салынган.
Мындан тышкары, салмак-габариттик өлчөмдөрдү ченөөдөн 2 млн 557 миң 635 сом, бөлүнгүс ири көлөмдүү жана оор жүктөрдү ташууга берилген атайын уруксаттардан 36 млн 791 миң 392 сом, көп жолу колдонулуучу атайын уруксаттардан 1 млн 114 миң 281 сом жыйым түшкөн.
Жалпысынан транспорттук көзөмөлдүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 69 млн 313 миң 151 сом каражат түшкөн.
Белгилей кетсек, учурда Транспорт департаменти 21 транспорттук көзөмөл пунктунда салмак-габариттик көзөмөл жүргүзүүдө. Мындан тышкары, текшерүүлөр мобилдик топтор аркылуу да ишке ашырылууда.