Азия чемпионаты: Мээрим менен Айпери жарым финалга чыкты

14:07, 08 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында балбан Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы жарым финалга жолдомо алышты.

Бүгүнкү беттеште Мээрим Жуманазарова 68 кг салмак ченинде күч сынашып, Вьетнамдын балбанын 11:0 эсебинде жеңди.

Ал эми Айпери Медет кызы 76 кг салмак ченинде килемге чыгып, чейрек финалда кытайлык атаандашын тушеге басып, утуп алды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-апрелде чемпионаттын үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтүүдө. Анда 50, 55, 59, 68 жана 76 кг чейинки салмакта медалдар ойнотулууда.