БШК Абдылдабек Эгембердиевди мандатынан ажыратты

12:05, 08 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-апрелдеги жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин мандатын тапшыруу боюнча жазган арызын карады.

Отурумда БШК мүчөлөрүнүн чечими менен Эгембердиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Ага ылайык, эл өкүлү Абдылдабек Эгембердиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат.

Фото

Белгилей кетсек, Эгембердиев № 19 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген.