Кыргызстанда жумуртка, пияз жана күрүчтүн баасы арзандады

11:47, 08 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

1-апрелге карата өлкөдө азык-түлүктөргө (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:

  • сабиз — 1,4 пайызга
  • кум-шекер — 0,5 пайызга
  • кой эти (сулп этинен башкасы) — 0,4 пайызга
  • макарон азыктары (спагетти) — 0,4 пайызга
  • каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) — 0,1 пайызга
  • тазаланган өсүмдүк күн карама майы — 0,1 пайызга
  • пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт — 0,1 пайызга жогорулаган.

Ал эми төмөнкү азыктарда баанын арзандаганы байкалды:

  • жумуртка — 3,3 пайыз
  • баш пияз — 2,3 пайыз
  • күрүч — 0,4 пайыз
  • уй эти (сулп этинен башкасы) — 0,2 пайыз.