Айыл чарба министрлигине 63төн ашык атайын техника тапшырылды

11:24, 08 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычтарын тапшырды.

Жаңы сатып алынган атайын техникалардын абалы менен таанышкан минкаб төрагасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков маалымат берди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. 63төн ашык атайын техника тапшырылды
Белгилей кетсек, 40 даана техника — мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынды, ага 128 млн сом жумшалды. Ал эми, калган 23 даана техника — эл аралык институттардын колдоосу менен алынды. Атайын техникалар Айыл чарба министрлигинин райондук суу чарба башкармалыктарына берилет.

 Адылбек Касымалиев президенттин жана жалпы министрлер кабинетинин атынан тармактын жаңы техникалуу болушу менен куттуктап, өлкө жетекчилиги ирригацияга өзгөчө көңүл буруп, мамлекеттик колдоону ар тараптан жогорулатып келе жатканын белгиледи.

 «Өзүңүздөр жакшы билесиздер, 2021—2025-жылдар аралыгында республикалык бюджеттен Суу ресурстары кызматына 21,4 млрд сом бөлүндү. Бул каражаттар ирригациялык объектилерди тейлөөнү, каналдарды оңдоп-түздөөнү жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле, акыркы 5 жылда 270 жаңы техника алынды. Мамлекет үчүн ирригацияны өнүктүрүүгө мындан да көп каражаттарды жумшоо — приоритет деп эсептеймин. Суу чарба кызматында — тажрыйбалуу кадрлар бар деп билем. Мамлекет сиздердин ишти жакшыртуу үчүн материалдык-техникалык жактан камсыздоону жогорулатууну улантат», — деди минкаб төрагасы.

Адылбек Касымалиев министрликтин алдында тармакты өнүктүрүү боюнча бир катар милдеттер турганын айтып, алдыга коюлган пландарды ишке ашыруу үчүн тийиштүү тапшырмаларды берди.

 Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги — жакынкы аралыкта ирригация жаатында Баткенде 4200 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылган «Алга Кадам» ирригациялык ири долбоордун негизги иштерин бүткөрөт, ал 2027-жылы толук ишке берилет. 2026-жылга 5 270 гектар жерге тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларды орнотуу пландар коюлган. Президенттин тапшырмасына ылайык министрлер кабинетине 2030-жылга чейин 2 жүз миң гектарга тамчылатып сугаруу системасын орнотуу милдети коюлган.