ӨКМ: Кыргызстанда бир суткада 16 өрт кырсыгы катталды

10:33, 08 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоо менен күрөшүүгө 19 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрт кырсыктарынын аймактар боюнча көрсөткүчү:

  • Бишкек шаары — 2;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй облусу — 6;
  • Ош облусу — 2;
  • Баткен облусу — 1;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 2.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду.