Казакстандан келген 22 тонна картошка кайра кайтарылды

10:20, 08 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

22 тонна картошка Казакстандан Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жүк Чүй-Бишкек башкармалыгынын «Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда текшерилип, Казакстандан кирген 22 тонна картошка фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер өлкө жөнүндө маалыматтарды камтыган маркировкасы болушу керек.

Карантин алдындагы жүктү маркировкасыз алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат. Ошого байланыштуу бул жүк импортер өлкөгө кайра кайтарылган.