08:09, 08 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
«Бавария» Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын биринчи оюнунда «Реал Мадридди» конокто жеңди.
Оюн 2:1 эсебинде аяктады.
Луис Диас биринчи таймда эсепти ачып, 42-мүнөттө гол киргизди. Экинчи таймдын башында Гарри Кейн коноктордун айырмасын эки эсеге көбөйттү. Килиан Мбаппе 74-мүнөттө бир гол киргизди.
Жооптук беттеш 15-апрелде Мюнхенде өтөт.
Европанын эң мыкты клубдук мелдешинин чейрек финалынын жооптук беттештери 14 жана 15-апрелде өтөт.
Ал эми финалдык беттеш Венгриянын Будапешт шаарындагы «Пушкаш Аренасында» өтөт. Беттеш 2026-жылдын 30-майына белгиленген.