Азия чемпионаты: Экинчи күнү эки кыргызстандык балбан жарым финалга чыкты

17:00, 07 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбандар Раззак Бейшекеев менен Амантур Исмаилов Бишкекте өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыгышты. Бул тууралуу UWW сайтында кабарланды.

Раззак Бейшекеев 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти чейрек финал баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде Бейшекеев кореялык спортчу менен кез келип, 5:1 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти. Бейшекеевдин кийинки атаандашы ирандык спортчу болмокчу.

Ал эми Амантур Исмаилов (72 кг чейин) Алматбек Аманбек (Казакстан) менен беттешет. Алар тиешелүүлүгүнө жараша Корея жана Индиянын өкүлдөрүн жеңишти.

Финалдар бүгүн кечинде аныкталат.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Бишкектеги «Жаштык» аренада спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Мелдешке жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулууда.