16:26, 07 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярдоочу «Булак» акысыз мобилдик тиркемесине катталган окуучулардын саны 61 миңден ашты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиркемеде 12,5 миңден ашык тест суроосу бар. Окуучулар тарабынан тапшырылган тесттердин жалпы саны 377 миңге жетти. Активдүү колдонуучулардын саны акыркы жети күн ичинде 50 694 адамды түздү.
Колдонуучулардын региондук бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:
«Булак» мобилдик тиркемеси Агартуу министрлиги тарабынан иштелип чыккан ЖРТга даярдануу боюнча акысыз машыктыргыч болуп саналат. Ал бардык окуучулар үчүн, анын ичинде акы төлөнүүчү даярдоо курстарына мүмкүнчүлүгү жок аймактардагы бүтүрүүчүлөргө тең шарт түзөт.